www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги 4 млн жаранды (калктын 42%ы) COVID-19га каршы эмдөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн «Биринчи радионун» эфиринде Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө дагы деле илдеттин оор өтүшүнөн коргоонун эң мыкты жолдорунун бири болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок оору күчөбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Буга байланыштуу калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырам», - деди ал.

Мындан тышкары, ал 2021-жылдын август айында массалык эмдөө кампаниясынын алкагында күн сайын 25 миңден ашык жаран эмдөөдөн өткөнүн эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости