www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бийликтин цитадели болгон Ак үй талкаланды, дүйнөгө кайра дүң болдук”, - деп жазды белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына.

“Ушунча болду, анда хронологияны эске салып коелу. 4-октябрь шайлоо болду. 5-октябрь эл аралык байкоочулар, анын ичинде жумурткадан кыр издеген, кылдат караган ОБСЕ да шайлоону тааныды.

Түшкө маал шайлоодон утулган саясатчылар митингге даярданып, оюнду башташты. Кечке маал активдүүлүк күчөдү. 5-октябрь күндүзү Жээнбеков баардык саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын саясатчылар айтып жатышты. Ташиев, Мадумаровдор кирип чыгышкан деген да маалымат бар, саясатчылардын арасында.

“Эртеси 6-октябрда шайлоого катышкан баардык саясий партиялардын лидерлери менен Жээнбеков жолугат” деп расмий кабарланды. Ошол жолугушууда баарынын катышуусунда талкууланмак, маселе. Ошол күндөрү бул албетте туура кадам эле, анткени биз укуктук мамлекетпиз да.

Президент өз бет алдынча шайлоонун жыйнтыгын жокко чыгарып кое алмак эмес. Анда да “узурпатор, Жээнбеков БШКбы, сотпу" деп кыйкырып чыгуу – турган иш эле. Жээнбеков шайлоого катышкан баардык партия лидерлери менен 6-октябрда жолугат дегенден кийин элди аянтка алып чыккан лидерлер өз тарапкерлерин таратышы керек эле, эгерде ниети түз болсо. Талабы - ошол шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш эле керек болсо. Жок, андай болбоду.

Аянтта эл калды, элди баштап келген саясатчы-лидерлер чилдей качышты. Айрымдары албетте бүгүн вице, министр креслосун алганына курсант болуп отурушат. Анан, аянттагы маанайды пайдаланып АШАчылар Ак үйгө кол салышты, анын уулу Кадырды герой кылып, Ак үйгө алып кирген сүрөттөр тараган интернетте. Андан аркы кырдаал көзөмөлдөн чыгып, болоору болду.

Бийликтин цитадели болгон Ак үй талкаланды, дүйнөгө кайра дүң болдук. 6-7-8-октябрда деле Жээнбековду эстеген бир саясатчы болгон жок, медиатор болот элек деген саясатчылардан деле дайын чыккан жок. Жээнбеков гана өзү билдирүүлөрдү жасап жатты, “укуктук талаага кайтуу үчүн аянтча болсо, сүйлөшөлү” деп. Бирок, бул күндөр аралыгында бир да аттуу баштуу саясатчы белсенип, медиаторлук милдетти алган жок.

Айтор ошентип жатып, 5-октябрда митингге элди сүрөп чыккан, шайлоонун жыйынтыгын тааныгысы келбеген саясатчылар жеңишин Садыр Жапаповго алдырып жибергенин так даана түшүнгөн соң гана, жаңылбасам 9-10-октбярдан тарта “Жээнбеков кетпеш керек” деп, чакырык жасай башташты. “Жапаров менен жолуктук, Жээнбеков менен жолуктук” деп оңду-солду маалыматтар бериле баштады.

Албетте, Жээнбеков деле жөн эле кете бермек эмес, кантсе да 3 жыл иштеди, эмгегин, энергиясын коротту. Президент эмес, чакан фирмаң болсо да жөн эле басып кетип калбайсың да. Ким эле жасап жаткан ишин тастап баса бергиси келсин.

Айтор, ички, тышкы факторлорду эске алып, 15-октябрда “ кан төгүлүүсүн каалабайм” деген негизги жүйөөсүн айтып, 16-октябрда парламенттин бийик трибунасынан элине ыраазылыгын айтып, жүзү жарык президенттик ишин токтотту.

Мына ушундай, эгер “без эмоций” эске салып койсок. Көшөгөнүн артында не деген сүйлөшүү, кырды бычак күрөш болгонун качандыр бир кезде угаарбыз”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости