www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү жол кырсыгы көп катталып, кайгылуу окуялар болуп кетти. Көкөмерен суусуна Молдакун Абдылдаев агабыздын унаасы кулап, айдоочусу, аялы, небереси жана баласы каза болду. Учурда аялы менен баласынын сөөгү табыла элек. Абдылдаевдин кызы Индира элден жардам сурап, жакындарынын сөөгүн табууга көмөк сурап жатат. Мындан тышкары Чычкан капчыгайында жүрөк үшүн алган автокырсык болуп, адамдар набыт болду. 

Ысык-Көлдө “БМВ” жана “Лексус” маркасындагы унаалар кагышып, ал жерде дагы кандуу окуя катталып, адам өмүрү кыйылды. Кырсык болгон унаанын ичинде Жогорку Кеӊештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу дагы болуп, ал учурда ооруканада. Кырсык бул айтып келбейт. Эч ким кырсыкты тилеп албайт жана атайын жасабайт. Мени ойлондурганы болуп жаткан кырсыктарга саясий краска сүйкөлүп, башкача талкууланып, атасынын депутаттык мандаты жана президент менен куда экени эске алынып, кырсыкка Абжалиевдин баласын күнөөлөп жаткандар бар. 

Бул абдан туура эмес жана адамгерчиликсиз. “Башы оорубагандын – Кудай менен иши жок” деген сөз бар. Башынан кырсык өтпөгөн, эзели жамандык көрбөгөн, мындай кайгылуу окуядан саясий кызыкчылык көздөгөн адамдардын аракети Кудайга жакпайт. Кимдир бирөө баласын жоготуп ыйлап жатат, дагы бирөө өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан баласынын амандыгын тилеп ыйлап отурат. Айрым наадандар бул кырсыкты саясатташтырып, саясий кырдаалга жараша пайдасына колдонуп талкуу жаратып, ал аркылуу депутат жана анын кудасы президентке көө жапкысы келип жатат. Кырсыкты табалап, андан упай топтогондон абайлагыла. Эмнеге силер башка кырсыктар жөнүндө мынтип жазбайсыӊар? Эмнеге башка кырсыктар тууралуу мынтип кейип, көп ойлонбойсуӊар? Эмнеге жөнөкөй жарандар кабылган кырсыкка мынчалык көӊүл бурбайсыӊар? 

Анан калса, унааны башкарып бара жаткан айдоочу Абжалиевдин уулу болгон эмес экени аныкталды. Рулду Элдияр Калмурзаев башкарып бара жатканы тууралуу расмий булактар билдирди. Эми, бул окуядан саясат жасагандан этияттагыла, жамандык-кырсык менен ойнобогула. Мандаты болобу, кызматы болобу, бийлик-байлыгы болобу – Кырсык алдында пенделер алсызбыз. Жараткандын алдында пенделер бирдейбиз. Кырсык-каш кабактын ортосунда деп бекеринен айтылган эмес. Аныгын тийиштүү органдар айтсын, биз аны-муну айтпай туралы...

Дайырбек Орунбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости