www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө 2017-жылы 50 миңге жакын кыз - келин өнөктөштөрү же туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан улам каза болгон.
Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 8-июлда жарыяланган баяндамасында жазылган.
Баяндамада белгиленгендей, жалпысынан 2017-жылы кылмышкерлердин колунан 87 миң аял каза тапкан. Ушул эле жылы бардык куралдуу кагылыштардын жыйынтыгында 89 миң киши мерт болгон.
Баяндаманын авторлору 2012-жылга салыштырмалуу үй - бүлөдөгу зомбулуктан каза болгон аялдардын саны өскөнүн белгилешүүдө. 2017-жылы үй - бүлөлүк зомбулук учурларынын көбү Азияда (дээрлик 20 миң) катталган. Африкада 19 миңдей, Америка континентинде 8 миң, ал эми Европада 3 миң аял өнөктөшүнүн жана туугандарынын колунан ажал тапкан.
Булак: Багыт.kg