www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кол тийбестиктен кол жууп айласы кеткен Алмазбек Атамбаев суракка баруудан коркуп ар кандай шылтоолорду айта баштады. ИИМдин тергөөчүлөрү жиберген чакыруу кагазына да моюн сунбай, бүтүндөй кыргыз мыйзамдарын тебелөөдө. Муну менен АША Кыргызстанды, кыргыз элин кыпындай да сыйлабастыгын далилдеди.
АШАнын шылтоосу да суу кечпей турат. Ал “бийлик менин оозумду жапкысы келип жатат, мени камаса булар каалаганын жасайт, эч ким баш көтөрө албай калат” деп какшап келе жатат. Чын эле ошондойбу? Бийлик оюна келгенди жасай баштаса Атамбаевден башка акыйкат кебин айта турган бир да кыргыз чыкпайбы? АША элдин баарын кой, мал ойлойбу? Эмне биздин эл ушунча маңкурт болуп калганбы? Албетте, жок!
Атамбаев азыркы айткандары менен бүтүндөй элди малга салыштырып, мен эле эр жүрөкмүн, менден башка эч ким бийликке каршы сүйлө албайт, кул кылса да кыргыздар койдой болуп жүрө бересиңер деген ойду таңуулап жатат. Бирок, кыргыз эли эч качан акыйкатсыздыкка чыдабайт, бийликтин туура эмес кадамдарына көз жумуп тура албайт. Кокосуна чейин коррупцияга батып, таптакыр адамдык сапатын жоготкон АШАдан көчөдө жүргөн ар бир кыргыз артык. Элди карызга батырып, казынага беш колун матырган Атамбаевден башка жалтанбаган жигиттер четинен чыгат. Бирок, азыркы бийлик элге каршы иш жасай элек. Коом менен эсептешип, ар бир чечимди элдин кызыкчылыгын ойлоп кабыл алууда. Ошол үчүн да АШАнын төңкөрүшкө үндөгөн чакырыгы колдоо тапкан жок. Уятты жыйыштырып койгон Атамбаев болсо элди малга салыштырганын токтото элек. Бул киши тез арада тизгинин тартып, эсине келбесе өзүнө кыйын болуп калат. Бүтүндөй кыргыз элин кемсинткениди токтотсун.
Булак: NazarNews.kg