www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкер 

Данияр Тербишалиевдин шайлоочулардын көңүлүн буруу  максатында тарткан жарнамалык ролиги коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Чынында Тербишалиевдин орус блогерин туураган пиар жүрүшү коомдун көңүлүн бура алды. Бул жагынан максатына жетти. Бирок, анын жеңил-желпи маскарапоз болгон жосунсуз жоругу көпчүлүктү жипкиртти.

Анын кылыч көтөрүп алып, жол чыракта "алдыга, мени танда" деген артист болгон жасалма шоусу, ага пайда эмес, зыянын тийгизген көрүнүш болду. Образдуу айтканда, мүйүздүү болом деп кулагынан ажырады десек жарашат.

Ким мындай пиарды сунуштаса дагы, күлкү, мазак, шылдыңга калтырып, добуш алып келбестен, бар добушун жоготууга негиз түзгөн душмандык кылыптыр...

Последние новости