www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - УТРКнын  жаңы  жүздөрү иштей баштады

Жаңыланууга багыт алган Улуттук телерадио жаңы жүздөрдү тандап уюштурган кастингдин жеңүүчүлөрүнүн бир айлык окуулары ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Жеңүүчү деп тандалган 20 катышуучунун 16сы бүгүн башкы директордун кабыл алуусунда болуп, тажрыйба топтоого жана окуу курстарына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык барактарын алышты.  

Башкы директор Болотбек Тиллебаевдин тапшырмасы менен кастинг жеңүүчүлөрүнүн ар бири жөндөмүнө жараша редакцияларга бөлүнүп,  аларга атайын жетекчилер бекилип, окуу борбору тарабынан тиешелүү окуулар уюштурулуп турду. Бир ай ичинде телерадионун түйшүгүнө чыдай турган жеңүүчүлөр ыргалып, бүгүн алардын бүтүрүү сааты болду.

Кастингдин катышуучуларына ак жол каалаган башкы директор Б.Тиллебаев аларга чоң жоопкерчиликтер артылганын, УТРКнын мындан аркы тарыхын улап кете алган кадрлар болуп тарбияланып, тапталып чыгаарына ишенимин билдирди.

Бир ай бою телерадиодо иштөөнүн сырлары менен белгилүү алып баруучулар, журналисттер Байма Сутенова, Молдосейит Мамбетакунов, Сталбек Дюшалиев, Таалайкүл Сыдыкбекова, Чынар Капарова, Алмаз Касымалиев, Эльвира Сатыбекова, Нуркыз Караевалар бөлүшүп, жаш кадрлардын кесиптик билимдерин жогорулатууга салым кошушту. 

Кастингде жеңүүчү болуп, бир ай УТРКнын ысыгы менен суугун таткан 16 бүтүрүүчү Улуттук телеканалдын эфиринен чыгып, радиодо үңдөрү жаңыра баштайт. Ар бири талантына, шыгына жана каалоосуна жараша маалыматтык, балдардын жана жаштардын, спорттук, маданий, көңүл ачуучу ж.б. жанрдагы программалардын алып баруучулары, кабарчылары болуп расмий иштөө укугуна ээ болушту.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости