www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү белгилүү болгондой, АКШнын соода министрлиги Кыргызстандын Токмок шаарында катталган Tro.Ya деген ишканага каршы санкция жарыялады. Бул компания ар башка өндүрүш ишканаларын электроника менен камсыздайт.
Кыргызстан менен кошо армениялык бир компанияга каршы дагы санкция жарыяланды, андан мурда болсо «кара тизмеге» Казакстандын бир нече ишканасы кирген. Германиянын Spiegel журналы кечээ күнү жазганга караганда, «Аспан арба» деген казак компаниясы Орусияга дрон жиберет, аны Москвадагы «Небесная механика» деген ишкананын ээлери негиздеген. ФСБны электроника менен камсыздаган «Стэк» деген компания менен Казакстандагы Da Group 22 деген ишкананын дагы ээлери бир.
Ошондуктан Tro.Ya деген компанияны дагы Токмокто орусиялык ишкерлер негиздеген деп божомолдосо болот. Орусиялык пропаганда – санкция жарыялап, экономикалык ишкердикти чектөө мыйзамсыз дейт, бирок андан түшкөн киреше согушка пайдаланылып, Украинанын шаарлары жер менен жексен болууда.