www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын Аткаруучу вице-президенти, Европанын соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелерди сүйлөшүштү.

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров Европа Биримдиги менен кызматташуу Кыргызстан үчүн приоритет экенин билдирди.

“Кыргызстан менен Европа Биримдиктин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар өнүгүп жаткандыгы кубандырат. Евробиримдик биздин маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүбүз жана негизги инвесторлордун бири”, - деди ал.

Өз кезегинде Европа комиссиясынын Аткаруучу вице-президенти, Европанын соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис акыркы жылдары өз ара соода жүгүртүүдө жогорку көрсөткүч байкалганын айтып, мындай өсүүгө карай жылган тармактар боюнча ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунуну соңунда Европа Биримдиги тарабынан каржылана турган “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика программасы” алкагында КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосунда биргелешкен документке кол койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости