www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун санкциясына жооп катары АКШнын 500 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын кабарлады. Алардын арасында мурдагы президент Барак Обама дагы бар. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында жарыяланды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин тизмесине аткаруу бийлигинин ар кандай деңгээлдеги жетекчилери, Конгресстин мүчөлөрү, аскердик компаниялардын жетекчилери, америкалык уюмдардын талдоочулары, изилдөөчүлөрү, журналисттер, телеалпаруучулар жана эксперттер кирет.

Мурдараак АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларды кеңейтип, 46 орусиялык жаранды тизмеге киргизген. Алардын арасында вице-премьер-министр Виктор Абрамченко, агартуу министри Сергей Кравцов, омбудсмен Татьяна Москолькова, президенттин жардамчысы Игорь Левитин бар.

Чектөөлөргө Орусия президентинин аппаратынын көзөмөл департаментинин башчысы Дмитрий Шалков, "Интеррос", "Восход" фондунун башкы директору Руслан Саркисов, Санкт-Петербург тоо-кен университетинин ректору Владимир Литвиненко, Татарстандын жаштар иштери боюнча министри Ринат Садыков, орусиялык миллиардер, "Меркурий" мамлекеттик компаниясынын кожоюндарынын бири Игорь Кесаев кирген.

Reuters агенттиги 71 компания "кара тизмеге" киргизилгенин, анын 69у Орусияга, бири Кыргызстанга, дагы бири Арменияга таандык ишканалар экенин жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости