www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 22-ноябрда Бишкекте "Референдумга жол жок!" аталышындагы тынчтык акциясы болду.

Иш-чаранын катышуучуларынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

- Конституциянын жаңы мыйзамына каршы чыгып жаткандарга Садыр Жапаров же анын тарапташтары тарабынан кандайдыр бир басымдар болуп жатабы?

- Ал акмактар деп айтпадыбы. Өзүндөй ой жүгүртпөгөн адамдар Жапаров үчүн акмактар экен. Бул өтө жаман. Ал башкалардын дагы оюн кабыл ала билиши керек. Ал кандай ойлосо башкалар дагы ошондой ойлош керек деген туура эмес да. Сен башкаларды дагы өзүңдөй ой жүгүртүүгө мажбурлагандан авторитаризм башталат.

- Кол койду деген депутаттардын саны коомго айтылгандан да аз болушу мүмкүнбү?

- Билбейм, балким, ошол депутаттарды алдоо жолу менен кол койдуруп алгандыр. Бирок мен кесиптештериме сөздөргө ишене бербей, кол койбоону сунуштайт элем. Кол коёрдон мурда ойлонуш керек го.

- Парламенттин азыркы курамы Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт деген пикирлер чынбы?

- Бул пикир эмес, туура эле нерсе. Венеция комиссиясында биздин парламент өзүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп, бүтүндөй мамлекетке таасир эте турган чечимдерди кабыл албоосу керек деп көрсөтүлгөн. Парламент түзөтүүлөрдү киргизе алышы мүмкүн, бирок өзгөртүү киргизе албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости