www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы президент, жаңы парламент шайланмайынча Конституцияны өзгөртүүгө болбойт», - дейт президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев кечээ, 22-ноябрда өткөн "Референдумга каршы!" тынчтык жүрүшүндө.

«Бизде Венециялык комиссиянын жыйынтыгы бар. Ага ылайык мөөнөтү бүтүп бараткан парламенттин жаңы Конституциянын демилгечиси болууга моралдык, саясий укугу жок. Мындан сырткары кечээ саясий кеңешменин жыйынын көрдүк. Мен урматтаган профессорлор Илимдер академиясынын же Бишкек шаарынын уставын кабыл алышкан жок да.

Региондордогу өкүлдөр кайда? Ош университетинин, Нарын университетинин профессорлору кайда? Же аларды артта калгандар деп эсептешеби?

Азыркы долбоор тар чөйрөдөгү адамдардын легитимсиз аракети. Кийинки жылы жаңы президент, жаңы парламент шайланып келгенде гана жаңы Конституцияны кабыл алууга мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Сания Токтогазиева, Таттуу Эргешбаева, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова сыяктуу адамдар коомдук пикирдин лидерлери болуп турушат. Алардын катышуусусуз даярдалган Конституциянын долбоорун демократиялык дегенге болбойт», - дейт Иманалиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости