www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Ат-Башы району көмүргө кесексиз киргизилүүдө

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кече көмүр кенине кезексиз көмүр алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, райондун ар бир айылынан көмүр тарткан унаалар алынып барылды.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары

Максат Кадыркулов райондун ар бир айылынан унааларды уюштуруп Кара-Кечеге барып кезексиз көмүр алып чыгууну макулдашып, жеринен көзөмөлгө алууда.

Учурда ал жактан алынып жаткан көмүрлөр четинен келип айылдарга жеткирилүүдө.

Ошондой эле, Турук көмүр кенинен дагы көмүрлөр келип, элге сатылууда.

Маалымат катары айта кетсек, буга чейин Кара-Кечеге район жетекчтлиги бир нече ирет барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен кезек кеч жетип, кыйынчылыктар жаралып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости