www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында “2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)” долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев баяндама жасады.

Анын айтымында, долбоордун негизги максаты болуп бойго жеткендерге жана балдарга бекер мүнөздө максаттуу алдын алуучу текшерүүлөрдү өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын райондорунда санитардык-агартуучулук иштерди өткөрүү аркылуу калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарына дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүүгө багытталган «Ден соолук кербени» долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан эсебинен 2 000 000,0 (эки миллион) АКШ доллар өлчөмүндөгү грант берүү саналат.

Мыйзам долбоору 3окууда добуш берүүгө жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости