www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дубанадай ак урган депутат Ажибаев маалымат беттеринде атасын коргой баштады. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаевдин атасы кылмышкерлер чөйрөсүнө «Дед Хасан, прокурор» ысымдары менен таанылган кримчөйрөнүн адамы. Раззаков шаарынын 1964-жылы туулган тургуну Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевичти да кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнү айтылган.
Андан тышкары Ноокат районунун Герей-Шерон айылынын 1980-жылы туулган тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы криминалдык топтун башчысы делип жүргөн Малабаев Гүлжигит Карабаевич кылмыштуу топтон баш тарткан. Ал 2019-жылдан бери «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгында каттодо турган. Ушул жылдын 23-сентябрында курал-жарак, ок-дарыны, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Учурда Ош шаарындагы №25 тергөө абагында сурак берип жатканы айтылды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg