www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бомба тууралуу жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү керектигин депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Акыркы убактарда борбор калаадагы мектеп жана жогорку окуу жайларда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат байма-бай түшүп жатат.
20-апрелде 30дай билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат түшүп, баарын дүрбөлөңгө түшүрдү. Ал эми кечээ, 26-апрелде дагы бул көрүнүш кайталанды.
Бул мамалекетке миллиондогон зыян алып келип, канчалаган окуу процесстери үзгүлтүккө учурап жатат. Канчалаган ата-энелер, окуучулар, мугалимдер моралдык зыян тартып, укук коргоо кызматкерлери убараланууда.
Бул жагдай боюнча өкмөттүк деңгээлде натыйжалуу иш-чаралдарды өткөрүп, керек болсо мыйзамды күчөтүү керек. Канчага чейин уланат бул нерсе?
Учурдагы мыйзамга ылайык, (Кылмыш Жаза кодексинин 59-беренеси) мындай жалган маалымат тараткандар 52 миңден 100 миң сомго чейин айып салынып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мен ойлойм жоопкерчиликти күчөтүш керек деп. Жеңил жаза үчүн жалган маалымат беришип, тайраңдап жатышат", - деди депутат.
Депутат мыйзам долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Булак: NazarNews.kg