www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз алдыбызча эркин, эгемендүү мамлекет болгондон берки бирден-бир эң негизги көйгөйлөрдүн бири – эне тилибизге болгон кайдыгер мамиленин бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатканы болууда. 

Чегирткеден корккон эгин экпейт, же карышкырдан корккон токойго кирбейт болуп, өз көлөкөбүздөн өзүбүз коркуп, бир нерсе болсо эле Кремль эмне балээсин баштап жиберет деп чочулап, кылчактай берип ушул убакка келдик. 

Бул жалтактык канчага чейин уланыш керек? Аскар Акаев кошомат кылып орус тилин Конституцияга расмий тил кылып кийирип, кыргыз тилинин мойнуна илип кеткен зоолудан акыры кутулушубуз керек. Бул мезгил талабы... 

Коңшу Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан расмий тили жок эле, Россия менен өнөктөш мамлекет катары тыгыз кызматташып келе жатышат. Силер орус тилин эмнеге расмий тил кылбайсыңар деп Москва алар менен алакасын үзүп, кысым, басым көрсөткөн жок. Тескерисинче, бизге караганда тең ата мамиле кылышат. Биз эле ашкере кошоматчы, жалтак, гумандуу болуп, анан ич ара бири-бирибизге сын, акыл айтып, тилибизге көңүл бурулбай калды деп жер муштай беребиз. 

Өзүн сыйлаган эл, өзүнүн аброюн, беделин ойлогон мамлекет күнкор саясаттан арылышы кажет. Кул гана эркиндикти эңсебей, жакшы кожоюн издейт. Эркиндик болсо оокатым өтпөй калат деп коркот. , Кулдук сезимден кутулмайын, жаркын келечекти куруу мүмкүн эмес. 

Ошондуктан, Кыргызстанда кыргыз тили гана расмий жана мамлекеттик тил болуш керек! Кыргызстандын жарандары улутуна карабай кыргыз тилинде сүйлөөгө, билүүгө милдеттүү. Албетте, эч кимди мажбурлоо болбойт. Болгону талап болсо, муктаждык жаралса өздөрү эле үйрөнөт. Кыргыздар өзүбүз обу жоктонбой кыргызча сүйлөйлү. Бирөө орусча кайрылса, кыргызча жооп берели. Муктаждык жараталы. Анан өзүбүз бир орус тилдүүнүн көңүлүн карап, он кыргыз чулдурап орусча сүйлөп маңкурт болбойбу. Мамлекет башчысынан тартып, кетмен чапкан дыйканга чейин кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилибизди көкөлөтсөк ошондо тил өнүгөт. Кыргыз тилине болгон муктаждык, талап жогорулайт. 

Орусча сүйлөө бул - акылдуулук, билимдүүлүктүн көрсөткүчү эмес. Тескерисинче, Кыргызстанда жашап кыргыз тилинде сүйлөй албагандык уят, намысы жок арсыздык. Керек болсо маңкурттук. 

Арийне, орус, англис жана башка тилдерди бил. Көп тил билгендин зыяны жок. Бирок, кыргыз тили жашооңдо биринчи орунда болушу зарыл. Эне тилиңден өткөн байлык болбойт. Кыргыз тилин билүү – сыймык эсептелген даражага көтөрүү ар бир кыргыздын ыйык милдети. 

Кыргыз тилинин кадырын көтөрүү, аброюн арттыруу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген, ансыз мамлекеттик кызматта иштей албай тургандай мыйзамды кабыл алуу мезгил талабы. Мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүп, жыйын-чогулуш бир гана кыргыз тилинде өтүш керек. 

Ошондой эле, кыргыз тилин кордоп ашмалтайын чыгарган көрнөк-жарнактар Улуттук тил комиссиясынын уруксааты менен гана илинип, эфирге кеткидей мыйзамды киргизүү парз. Бул талаптар кыргыз тилине болгон муктаждыкты жаратчу зарыл чара болуп саналат. Демек, бул багыттагы Улуттук тил комиссиясынын сунуштап жаткан мыйзам долбоорлору аба-суудай керек жана колдоого арзыйт. Ансыз кыргыз тилин өнүктүрүү оор. 

Алмаз Темирбек уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости