www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып билдирди.
“Сууну товар катары сатууга да убакыт келет. Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коет. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры.
Министр мырза: «Сиз сунуш айтыңызчы, кандай иштейин, ушул кризистен кантип алып чыгайын, кантип реконструкция кылайын» десе, эч бир сунуш айта албай какап калды. “Аз уурдаш керек” дейт. Бул сөздү бешинчи класстын баласы деле айта алат. Азыр мурдагыдай уурулук жок. Ошол үчүн карызы үч жылдан бери 137 миллиард сомдон бир тыйын өйдө көтөрүлбөй турат.
Кудай буюрса, бул карыздарынан да кутултабыз. Убакыт керек. Албетте, уурулукту 100 пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Майда-чүйдө уурулуктар кармалып жатат. Камап, кайра төктүрүп жатабыз. Мурдагыдай системалык уурулук жок. Эгер кимдир бирөөлөр уурдап жатканын билсеңер ачыкка чыгарып берсеңер, андай иштер бизге чоң жардам болот. Эл өзү да энергетика системасындагы уурулукка каршы күрөшүш керек. “Көп түкүрсө – көл болот” дейт. Ким уурдаса ал өзүнүн небере-чөбөрөсүнүн ырыскысын уурдаган болот”,-деди президент.
Булак: NazarNews.kg