www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышына байланыштуу Ички иштер министрлигине кайрылуу жөнөттү.

Ал 14-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен депутат катары жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрайымы катары мыйзамдуулукту жана акыйкатты талап кылам», деп жазды.

Никитенко өлкөдөгү эки жагдайды - соттордун адилетсиздигин жана жарандык активисттер менен журналисттердин адам укуктары үчүн күрөшкөн аракетин баса белгиледи. Анын алдында парламенттин дагы бир депутаты, президенттик шайлоого талапкер болгон Каныбек Иманалиев да «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, 13 жаштагы кызды мазактаган сот чечимин кайра артка кайтарууга аракет кыларын билдирген.

Эске салсак, 11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдеткен. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын айтымында, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми кызды зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды актаган.

Бул арада социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары судья Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости