www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бул жерде Финансылык чалгындоо жана УКМКнын өкүлдөрү отурушат. Казино чоң бир акчаларды отмывание кыла турган бир жол ачылып калбайбы ушуга?», – деп сурады бүгүн, 22-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

Ал эми министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров акчаны адалдоо болбойт деп жооп берди. Эл өкүлү коомчулукта казинолорду мыйзамдаштырууга каршы чыккандар көп экенин айтты.

«Эгерде лицензия ээси, бай чет өлкөлүктөр келбей калып, казиносу жакшы иштебей калып, силовой структуранын же бобосо милициянын башчылары менен сүйлөшүп, бир 50-60 местныйларды кое бере коюп, айына могундай отметка кылып турам деген фактылап болуп калса кандай болуп калат?», - деп сурады депутат.

А.Жапаров бардыгы көзөмөлгө алынып, кыргыз жарандарына 50-60 адамды өткөрбөй, мыйзам бузуулар болсо казинолор лицензиясынан ажыратыларын айтты. Депутат казинонун айынан канчалаган үй-бүлө бузулуп, көптөгөн тагдырлар талкаланганын белгиледи.

«Кыргыз жарандарынын казиного киришине катуу тоскоолдук кылып, катуу көзөмөлдөш керек. Анан эртең ачып алгандан кийин бир тешигинен, «задний проходунан» жергиликтүүлөрдү киргизип, жанакындай болуп кете турган болсо чатак болот», - деди депутат.

Коргонбай уулунун сөзүнөн кийин залда отургандар токтоно албай каткырып жиберишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости