www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров төрага Мамытовго жеңилгенин моюндады

Бүгүн, 22-июнда Жогору Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров парламенттин төрагасы Талант Мамытов эл өкүлдөрүнө бирдей мамиле жасабай жатканына нааразы болду.

Мадумаровдун айтымында, айрым фракция лидерлерин төрага кабинетине чакырып, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери чакырылбай калган.

«Эки-үч жолу фракция лидерлерин кабинетиңизге чакырып алып жыйын өткөрүптүрсүз. «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ыйман нуру» эмнеге жок деп сурашса, сиз «алар бары бир колдобойт да» дептирсиз. Жабык эшик артында отуруп алып маселени кабыл алганды койбойсуңарбы. Бул жакшылыкка алып келбейт, теңчилик болгон жакшы го.

Мен отурам, башка фракциянын лидерлерин бирден чакырып жатышат. Эмне болду десем, төрага чакырып жатат дешти. Эмнеге десем «казинону өткөрүп бергиле деп жатыптыр» дешти. Бул уят маселе, теңсиздик, адилетсиздик. 90 депутаттын ким экендигине карабай бирдей мамиле жасалышы керек», — деди ал.

Мамытов: - Айтыптырсыз дедиңиз. Ким айтты сизге ушул сөздү? Атын айтыңыз.

Мадумаров: - Сиз 2 жолу фракциялардын жетекчилерин жыйнадыңызбы?

Мамытов: - Жыйнадык. Өздөрүнө тиешелүү маселе боюнча жыйнадык.

Мадумаров: - Жок, казино боюнча жыйнадыңыз, биз билебиз. Мен ушул жерде олтурам, фракциялардын жетекчилери менен сүйлөшүп отурабыз. Мамытов: - Ким айтты сизге?

Мадумаров: - Жанар Акаев экөөбүз сүйлөшүп жатканда, бул кишини чакырышты. Анан менден сурап жатат: - Сиз барбайсызбы?

- Каякка?

- Төрага чакырып жатат.

- Эмнеге чакырып жатат?

- Казино маселеси болсо керек. Мына…

Мамытов: - Жанар Акаев өзү айтсын.

Мадумаров: - Бул киши ачык эле айтты, баарын эле чакырып койбойсуңарбы деп. Мен дагы башка факттарды айтпай эле коеюн.

Жанар Акаев: - Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок. Адахан Кимсанбаевич экөөбүздүн аралыгыбыз 1 метр дагы чыкпайт, кошунабыз. Бул жерден жардамчыбы, кеңешчиби, бирөө келди, фракция лидерлерин жыйынга чакырып жатат деди. Мен барып келдим. Фракция лидерлеринин жыйыны бар дегенинен, «Адахан Кимсанбаевич, фракция лидерлеринин жыйыны бар экен го» дедим. «Мени чакырган жок» деди. Андан башка, Талант Мамытов, казино боюнча сөз болгон жок. Адахан Кимсанбаевич менен учурашып жаткам, бул жакта фракция лидерлеринин жыйыны болот экен деп ойлодум. «Адахан Кимсанбаевич, жүрүбөйсүзбү» деп айтканым чын.

Мамытов: - Дагы ким айтты, Адахан Кимсанбаевич. Аты-жөнүн атайлы. Жөн эле чамалатып соктурсак боло берет дейсиңерби. Туура, чогулуш болот, ТүркПАнын Парламенттик ассамблеясы боюнча комитеттерди чогултуп жатабыз. Анан бирөө келип айтты деп, андай болбойт, так айтыңыз. Ошол депутаттын атын айтыңыз, микрофонго «ооба, Талант Мамытов ошентип айтып жатат» деп айтсын.

Мадумаров: - Мен жеңилдим силерге. Ушул кезге келип, бир кишини сатып көргөн эмесмин. Бирок, мен силерге жеңилдим. Силердики туура. Силер регламентти, төраганын милдетин, укугун мага караганда жакшырак билесиңер. Мен кол көтөрдүм, жеңилдим силерге.

Последние новости