www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПКнын Саясий Кеңешинин жекшемби күнү өткөрүлгөн жыйынында Кой-Таш айылында Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп, адам өлүмү менен коштолгон кандуу башаламандыкка жол бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадил Мадеминов жана Карамат Орозовалар  СДПК партиясынан чыгарылды.

СДПКнын Саясий Кеңешинин контруктивдүү иштеген тобу апрелде болуп өткөн жыйынында жакшы ой-максаттарды сунуш кылган, бирок кимдир-бирөөлөрдүн эки тарапты жал-жал карап иштеп жатканынан улам, бул сунуштар ушул күнгө чейин созулуп келатат. Жыйында абдан курч иштеп жаткан  СДПКнын Саясий Кеңешинин көпчүлүктү түзгөн тобу бул маселени добушка салып ушундай чечишти.

Алар менен бирге  СДПК партиясынын мүчөсү Нурбүбү Кененбаева Кой-Таш айылында мамлекеттүүлүккө каршы мыйзамсыз уюшулган штабка барып 7-8- августта болуп өткөн башаламандыкка түз жана кыйыр түрдө тиешеси бар болгондуктан партиянын катарынан чыгарылды. Мунун штабдагы иштемчилдиги тууралуу өзүнчө сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости