www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 7-сентябрында Бишкек ШИИББинин жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Кармалган бул жаран шаар тургундарына батир алып берем деп 583 миң доллар алып, изин жашырып жүргөн. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда Баткен облусунун Лейлек районунун аймагынан кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды.  

Эске салсак, Бишкек мэриясынын кызматкери муниципиалдык 8 батирди мыйзамсыз сатып, из жашырып кеткен. Ал батирлер мурда экс-мэр Нариман Түлеевге тийиштүү болгон.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости