www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон, өмүр бою эстрада ырчысы катары элге кызмат кылган белгилүү ырчы Алтынбек Сапаралиев менен маектешкенибизде төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.
--Алтынбек мырза, алгач маегибизди чыгармачылыгыӊыз тууралуу баштасак...
--Эми чыгармачылыкка 1965-жылдан бери киришкем. Анан 1966-жылы республикалык конкурста 1-орунга ээ болуп үч бурчтук вымпель анан 30 сом менен сыйлангам. Ошондо мени бир топ жерге чакырышты. Опера жана балет театрына чакырышканда башында анча көңүлдөнбөй койгом. Ошентип 1967-жылы бизге бул театрдын өкүлдөрү келишкенде мени менен бирге иштеген Герман Абрамомич деген немис улутундагы адам: “Сен буларга ырдап берчи” – деп суранып калганда мен аларга ырдап берген элем. А мен ырдагандан кийин тигилер мен көңүлдөнбөй жаткан бул театрда эстрадалык студия ачылганын айтканда эле ошол замат “барам” деп макулдугумду бердим. Алар өзүлөрү атайын чакырык жиберерин айтышып жөнөп кетишти. Ошондон кийин алардын чакырыгын күтүп айылда айдоочу болуп иштер жүрө бердим. Бир күнү мага чакырык борбордон келди. Ошол күнү кечинде чай ичип отурганда иштин жайын ата-энеме айттым. Менин ырчы болорумду уккан атам:
“Койчу балам. Сен урук-тууганыңда жок жорукту баштабай. Жөн эле айылда жүрө бербейсиңби? Барбайсың!- деп каршы болуп койду. Анан шылкыйып бир аз убакыттан кийин эле башкармага барып шартымды айтсам бир сыйра наалыгандан кийин машинаны өткөрүшүмдү талап кылды. Машинаны гаражга токтотуп үйгө келсем ата-энем жок экен. Иштеп жүргөндө айлык акы алган сайын 5 сомдон катып чогултуп жүргөн элем. Акчамды санасам 50 рубль экен. Ата-энеме кечирим сурап кат жазгандан кийин эле түнкү автобуска түшүп алып борборго жөнөдүм.
Шаарга келип бир байкенин үйүнө түнөп алып, эртеси баягы театрга келсем 3-тур болуп жаткан экен. Ал жерден аккордеон тарткан бир музыканттын коштоосунда репетиция кылбастан эле бир орусча, эки кыргызча ыр аткардым. Ошондо кабыл алуу комиссиясынын курамында ыраматылык Эстекем отурган экен. Ал киши каяктан экенимди сураганда таластык экенимди айтсам “бар чыга бер” деп койду. Анан тизмени карасам окууга өткөн экенмин. Студиянын болсо жатаканасы жок экен. Окуу болсо 15-сентябрда башталарын айтышканда баягы байкенин үйүндө эки-үч күн болгондон кийин эле түнкү автобуска түшүп кайра Таласка жөнөдүм. Үйгө жетип таңкы саат 5те терезени такылдатсам атам:
“Бул ким?!” дегенде “мен” деп айтсам эле дароо эшикти ачты. Ошентип жатып алдым. Эртең менен чай ичип отурганда атам сураганда окууга өткөнүмдү айтам. “Оо атаңгөрү сен кайсы окууга барсаң деле өтө берет турбайсыңбы” деп ошондо атам айткан эле.
Эң кызыгы, атам мен 1976-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алган кезде гана концертиме катышты. Атам өзү эч кимге көрүнбөй кой-козулардын жанына туруп алып ырдачу экен. Көрсө, өзү деле ырчы экен да.
--Эмгек сиңирген артист наамын алганыңызды башкача айтып жүрүшөт го. Эми ушуну өз оозуңуздан уксак?
--Бизде ал кезде ЦКнын 3-секратары деп коюшчу. Бул кызматта Кеңеш Кулматов иштечү. Ал киши 1974-жылы биз менен Сирияга барып калды. Жылыга ал жерде мурдагы Советтер Союзунун товарларынын көргөзмөсү өтчү экен. Ошол жылы биздин республиканын көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмө кечки саат 5те башталгандыктан ал жердеги сахнага күнүгө бир сааттан концерт койчу элек. Кеңеш Кулматов ошондо күнүгө келип ырдаганыбызды укса таң калчу элем.
Анан бул жакка келгенден кийин ошол жылы жаңы ачылган спорт сарайда Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлмөй болду. Ошондо Кеңеш Кулматовдун күчү менен “Кантың бар” деген ырды репертуарга кошушту. Ал жердегилердин көпчүлүгү эмнегедир каршы болуп туруп алышты.
А мен айлам жок Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда ырдамай болдум. Ал кезде концерт эртең болот деген күнү Маданият министр Кондучалова артисттерге келип аябай көңүл бурчу эле. Ошол мааракеге Москвадан куттуктап СССР Министрлер Советинин төрагасы Косыгин келген экен. Анан сахнага чыкканымда толкунданып буттарым титирей баштады. Артымда болсо опера жана баел театрынын, Искусство институтунун, радионун хору турат. Ошентип биринчи куплетти ырдадым, андан кийин экинчисин, анан үчүнчүнү...
Андан кийин “Келсеңчи, күлсөңчү” деп кайырманы ырдай баштаганымда эле Косыгин шакылдатып кол чаба баштады. Кайырманы дагы бир жолу кайталай баштаганда Косыгин ордунан туруп кол чапканда биздин полтибюронун мүчөлөрү кошо туруп кол чаба башташты...
--Эмесе репертуарыңызда аткарган ырларыңыздын саны канча экендиги эсиңиздеби?..
--Менин оюмча 60тай болуш керек. Бир гана өкүнүчтүү нерсе, ал мезгилде филармония теле-радио комитетине кат жиберишчү. Кат барганда ал жердегилер окугандан кийин Кыргыз эстрада кайсы учурда ыр жаздырса болорун билдирип уруксат беришчү. Тилекке каршы андай учурларда биз Нарында, Көлдө, же башка аймактарда гастролдо жүрүп калчубуз. Ошон үчүн көп ырлар жазылбай калган эле.
--Дегеле чыгармачылыкка аралашкандан бери канча мамлекетти кыдырдыңыз?
--Советтер Союзунан тышкары 1974-жылдан тарта 1985-жылга чейин Сирия, Түркия, Алжир, Лаос, Вьетнам, Монголия, Конго мамлекеттеринде болдум. Ошентип 1985-жылдан баштап чет өлкөлөргө чыкканда токтоттум. Ар бир нерсенин өз учуру болот экен. Учурда мени жакшы тааныгандар 60,70, 80 жылдык мааракелерине барып эки-үч ыр ырдап калам. Баркымды кетирип жаштардын тоюна бара бербейм. Анын үстүнө менин аткарган ырларым бийлегенге ылайыктуу эмес. Мындай куракта “сүйдүм-күйдүм” деген маанидеги ырлардан алыс болуп, небере, байбичең, мекен тууралуу ырларга басым жасап калат экенсиң. «Досум Үсөн” тобунун көркөм жетекчисинин “Кадырман карыларым” деген ырын жогоруда айткандай мааракелерге барып ырдап калган жайым бар.
--Мурунку президент Атамбаев кызматтан кетээрдин алдында мамлекеттик наамдарды татыктуусуна да, татыксызына деле бербедиби. Бул тууралуу учурда коомчулукта да бир топ нааразычылыктар болуп жатат. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?
--Эми өзүң айткандай наам алгандардын арасында чындыгында татыктуусу деле, татыксызы деле бар. Ошон үчүн Маданият министрлиги наам ала тургандардын элге канчалык деңгээлде эмгек сиңиргендигин жакшылап талдашы керек. Мисалы, биздин учурда тапкан акча каражаттарыбыздын баары эле мамлекетке калчу. Биз айлык акы гана алчубуз. Кээде гана жакшылап иштегендигиң үчүн айлык акыга бир аз акча кошуп сыйлык катары беришчү. Ал эми азыркы ырчылардын көпчүлүгүнүн тапкан акчасы өздөрүндө эле калып жатпайбы. Айрым ырчылар эле мамлекетке салык төлөбөсө... Эгерде мамлекеттин атын чыгарып Эл аралык конкурстарга катышкан Кайрат Примбердиевге окшогон ырчыларга наам берсе мен каршы эмесмин. “Ушулар да ырчыбы? Сөздөрүнүн мааниси жок” деп азыркы кезде нааразы болгондорду деле кездештирип жүрбөйбүзбү.
Илгери концерттик программа Маданият министрлигинен Көркөм кеңешинин атайын кароосунан өтчү. Бүгүнкү күндө болсо концертти эл өзү тандай турган учур келди. Эгер жакшы ырчы концерт койсо эл тынбай бара берет. Ал эми деңгээли төмөн ырчы концерт койсо эл жакшы келбегендиктен, ал ырчы бир-эки жолу концерт койгондон кийин банкрот болуп акыры ырдаганын токтотот. Анан муун алмашканда сындаган кишилер көбөйөт. Мисалы, биздин учурда Панфилов паркынын ичинде жайкы филармония бар эле. Бир жолу ошол жерде концерт болгондо антракт учурунда сыртка чыгып кобурашып турсак жаныбызга бою кичинекей бир кемпир келип калды. Ал: «Стаканда кантың барды” кимиңер ырдадыңар?” деп сурап калды.
“Мен ырдадым” деп жооп бердим. “Ай ушинтип кантип ырдасын? Шаршен минтип ырдачу эмес»- деп бир аз нааразы болгондой түр көрсөттү.
“Биз эстрадага ылайыктап ырдап жатабыз” десем, “койчу ай, айланайын” деп ошондо колун шилтеп басып кеткен болчу. Анан жанымда турган байкелерден ал кемпирдин ким экенин сурадым. Көрсө ал Шаршен аксакал менен иштешкен белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканова экен.
Демек, ар бир муун алмашканда сын айтылат экен да. Ошон үчүн буга көңүл деле бурбаш керек. Анткени биздин эстрада жанрында ырдаган ырчыларыбыздын көпчүлүгү тойлордо ырдап калышпадыбы. Анан алар тойдо ырдап, элдин көңүлүн көтөрүп бийлетиши керек да. Тойго ылайыксыз ыр ырдасаң эч ким укпай коюшу мүмкүн.
--Эми сиз жогоруда айтып өткөн Көркөм кеңеш бүгүнкү күндө чындыгында керек эле да?
--Чындыгында бул маселе буга чейин коомчулукта бир жолу көтөрүлгөн. А бирок тилекке каршы демократияны шылтоологондордун айынан аягына чыкпай калган. Биздин учурда тартип аябай катуу болчу.
Филармониянын парторгу келип шымыбыздын багалегин жогору кийген байпагыбыздын өңүнө чейин текшерчү. Жайкы чилдеде филармониянын сахнасында кара костюм-шым, жекет,ак көйнөк, кара галстук, кара туфли менен тердеп-кургап ырдачубуз. Ал учурда баары сахнаны ыйык сезишчү.
--Белгилүү ырчы катары башыңыздан көп эле кызыктуу окуялар өтсө керек?..
--Андай окуялар көп эле болгон. Бир жолу Панфилов паркынын ичиндеги жайкы филармонияда концерт болуп анан мен ырдап бүткөндөн кийин бир кыз келип мага гүл сунуп калды. А мен ыраазы болуп аны бетинен өөп койдум. Эртеси ишке келсем деректир чакырып жатканын айтып калышты. Ал учурда ар бир мекемеде маселени деректир, парторг, профком эле чечип койчу. Директордун иш бөлмөсүнө кирсем үчөө отурган экен. Алар менин кечеги кылган ишиме нааразы болушуп бир сыйра кекетишип: «Сен деген Советтер Союзунун артисттисиң. Атаңдын оозун урайын. Кызды жөн эле өөп койдум деп билмексен болуп коёт. Экинчи минтпей жүргүн!” деп сыртка чыгарып жиберишкен эле. Эми сага дагы бир окуяны айтып берейин. Ош базар тарапта жайгашкан пиво заводунун жанында «Суусамыр» деген ресторан бар эле. Айылдан кесибине байланыштуу билимин өркүндөткөнү борборго 3 айлык курска келишкен дарыгер досторум бир жолу жатакана келишти. Анан алар баягы ресторанга кечкиге атайын буйрутма беришкенин айтып калышты.
Кечинде ресторанга барсам дасторконду аябай жакшы даярдашкан экен. Бир аз ичимдик ичилгенден кийин эле досторум «ырдап бер» деп суранып калышты. А мен ал жердеги тааныш музыканттар менен сүйлөшүп ошол учурда абдан популярдуу болуп жаткан орусча ырлардан экини ырдап бердим. Акырында эч нерсе оюмда жок ал жерден кеттим.
Эртеси репетицияга келсем эле раматылык Чоро Кожомжаров өңү купкуу болуп келип деректир чакырып жатканын айтты. Деректир мээмди жарым саат эзген соң “Чык эшикке! –деди.
Сыртка чыгып 15 мүнөт туруп кайра директорго жолуктум. Ошондо директор мага акыркы эскертүү бергенден кийин профкомго ала турган сыйлыгымды кыркып салышын буюрду. Сыртка шылкыйып чыксам ыраматылык Окен деген гитарист жигит турган экен. Мен ага иштин жайын айтсам ал:
“Ордуңда калган турбайсыңбы. Жүрү эми ошон үчүн майрамдайлы “-дегенде экөөбүз ээрчишип алып андан ары дагы майрамдаган элек. Филармонияда ошол учурда тартип катуу болчу. Азыр болсо ал жердеги ырчыларга тойлорго барып ырдаганга уруксат берилип жатпайбы. Эми мен эмнеси болсо да ошол кездеги максатыма жетип, акыры кыргыз эстрадасын өзүмдүн салымымды кошконума абдан кубанам. Абдан...
Нурлан ИСАМАТОВ
Булак: NazarNews.kg