www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.