www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда ЖКнын жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүнөн тышкы миграция мыйзамына көңүл бурууну суранды.

Анын айтымында, чет элдик мигранттар патентсиз жана тиешелүү уруксат документтерисиз иштешет. Депутаттын пикиринде, бул улуттук коопсуздукка таасир этиши мүмкүн.

“Түштүк регионго бизге чектеш республикалардын жарандары келип иштеп жатышат. Эч кандай документтери жок иш жүргүзүшөт. Ушул маселеге көбүрөөк көңүл буруп койсоңуздар. Буга чейин биз аларга жеке патенттерди берүүнү сунуш кылганбыз. Келечекте бул улуттук коопсуздукка таасирин тийгизиши мүмкүн. Акчалар чыгып жатат. Жумуш орундарына конкуренция болуп жатат.. Биздин жарандар чет өлкөгө кетип жатат.. Тамыры терең маселе болуп жатат. Ошого көңүл буруп коюңуздарчы”, – деди депутат.

Өз кезегинде президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов жумушка келгенден бери миграция маселеси көп көтөрүлүп жатканын белгиледи.

“Эми силердин колуңарда мыйзам чыгаруу бийлиги турат. Кандай өзгөртүүлөр болсо киргизгиле, колдой турчу нерсе боло, колдоп берели. Депутаттар ушундай экен да, “президенттин, өкмөттүн өкүлүнө айттым” дейт экен. Президенттин мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укугу жок”, – деди ал.

Депутат Дастан Бекешев Калматов президенттин конституциялык укугу жөнүндө туура айткандыгын белгиледи.

“Бирок президент тышкы саясатты жүргүзүп жатат. Бул мыйзам долбоору оңой эмес. Экинчи окууга сунуштарымды бердим, бирок алар четке кагылды. Мыйзам долбоору өлкөдөн чыгаруу эрежесин катуулатат, башкача айтканда, чет өлкөлүк кичине эле мыйзам бузса, ал сотсуз эле, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан чыгарылат. Башка өлкөлөр реторсия принцибин колдоно алышат. Президенттин Аппаратынан ушул потенциалдуу коркунучту анализдеп берүүсүн өтүнөм. Эгерде бар болсо, анда мен сунуш кылган түзөтүүлөрдү киргизели”, – деди ал.

“Мыйзамдарды биз чыгыра беребиз. Бирок, маселе алардын аткарылышында болуп жатпайбы. Түштүк региондордо көзөмөл болбой жатпайбы. Чет өлкөнүн жарандары келип, мыйзамсыз иштеп жатат. Өлкөдөн кимдерди чыгардыңар? 5 жылдын ичинде 21 миң адам чыкты деп статистиканы айтып жатасыңар, бирок биз административдик жазаларга гана ыраазыбыз. Бул чоң саясат. Ошону силер карабаганда, ким карайт? Күнүмдүк мыйзамдар кете берет, ал эми стратегиясын силер карашыңар керек да”, – деди депутат Умбеталы Кыдыралиев Анарбек Калматовго кайрылып.

“Ал түшүнүктүү. Ал деген ушул мыйзамдан келип жатпайбы. Бул мыйзамды экинчи окууга кайтарып карайлы деп жатасыңар. Карагыла. Дастан Далабаевич, сиз президенттин аппаратынан эмне каалайсыз?  Өткөндө мени сөгүп, кийлигишпе дедиңиз эле. Эми сиз мага ишмердүүлүгүңүзгө кийлигишүүгө мажбурлап жатасыз. Эгерде жакпаса, экинчи окууда кайра карап чыгыңыздар. Туурабы? ” – деди Калматов.

Умбеталы Кыдыралиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү болуп сөзсүз түрдө процесстерге кийлигиши керектигин белгиледи.

“Бул чоң саясат. Эгерде силер кийлигишпесеңер, ким кийлигишет? Силер сөзсүз киришип, ар бир мыйзамды карап турушуңар керек” – деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости