www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында диний иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасында диний уюмдардын, чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларынын укуктук абалын белгилөө боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленди.

Юстиция министрлиги “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети болуп, жарандардын билим алуу, анын ичинде диний билим алуу конституциялык укугун жүзөгө ашыруу үчүн диний билим берүү мекемесин түзүүдө, диний уюм, ишке ашыруу механизми болбогон, жарандардын тизмесин жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу процедурасын өтүүгө милдеттүү экендигин белгилеген ченемдер саналат.

Буга байланыштуу, мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында “жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган” деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда. Бүгүнкү күндө, аталган мыйзам долбоору белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары менен макулдашууга жиберилген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости