www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинде Бишкек стационардык социалдык мекемесинин (карылар үйү) мурдагы директору Эркингүл Абдылдаеванын билдирүүсү боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев ЖМКларга билдирди.
Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мурдагы башчысы Улукбек Кочкоров Эркинкүл Абдылдаеваны кызматтан негизсиз бошоткондуктан, ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн ИИМ ага карата кылмыш ишин козгогон.
“Негизсиздик үч соттун тең чечимдери менен тастыкталды. Мындан тышкары, ал өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекетке зыян келтирди, анткени Эркингүл Абдылдаева албаган эмгек акыны мамлекет төлөп берет жана юридикалык кызматтын чыгымдарын жабат », – деп түшүндүрдү Бактыбек Жумашев.
Белгилей кетсек, ал буга чейин чиновник соттун чечиминн аткарбагандыктан, Башкы прокуратурага Социалдык өнүгүү министрлигинин мурунку жетекчисине карата арыз менен кайрылгандыгын кошумчалады. Эркингүл Абдылдаева Жогорку сотту кошкондо бардык сотторду утуп алган, бирок ал жумушка калыбына келтирилген эмес жана мажбурлап кетиргендиги үчүн компенсация төлөнбөйт.
Мындан тышкары, Улукбек Кочкоровго карата “Алдамчылык” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. “Бирок Кочкоров тергөө иш-чараларына катышуудан качат. Суракка келбейт, көрсөтмө бербейт. Кандай негизде?” – дейт адвокат.
Ошондой эле адвокат Эркингүл Абдылдаевага байланыштуу соттун буйруктары бар экенин, ал эми Кочкоров министр болуп турган кезде аларды аткарган эместигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg