www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат”

Саясатта кызматка жетүү бир маселе, ал эми ошол кызматта туруп татыктуу аброй топтоо оңой эмес. Жашоодо кызыкчылыгы үчүн көлдөлөң болуп төшөлүп, самындай сыйгалангандар болот. Буга мисалдар арбын. 

Алыс барбай эле, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин өткөн менен кеткенине баам салуу жетиштүү мисал болуп берет.

Айталы, Камчыбек Ташиев бийликтеги таасирин жоготкондо “тебелеп-тепсөөгө” аябай катуу жандалбастады. Ага дейре, үн катпай, “суудан тайыз, чөптөн жапыз” жүрчү. Анан эле “жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” болду. 

Негизи саясатта кошоматчылык убактылуу эшик ачышы мүмкүн, бирок кадыр-барк күттүрбөйт. Кызмат өзгөрөт, саясий кырдаал өзгөрөт, кечээки таасир бүгүн жоголушу мүмкүн. Ошондо адамдын өз алдынча салмагы, принциптери жана жасаган иштери гана бааланат.

Демек, Нарын облусун өзү калчай тургандай президентке шайлоодо «ат токур» болуп берүү аракети анчейин ишеним жаратпай, саясий салмак Алмамбет Шыкмаматовго оогону бекеринен эмес экен.

Последние новости