www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен табылган башы жок эркек кишинин өздүгүн аныктоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен коомчулукка кайрылды.
Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 7-августунда суу сактагычтын жээгинен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуянын күбөлөрү суралып, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бир катар экспертизалар дайындалган. Учурда алардын жыйынтыктары толук даяр боло элек.
Маркумдун болжолдуу белгилери:
- Бою 160–165 сантиметр;
- Үстүндө кара түстөгү спорттук жемпир;
- Ичинде жашыл түстөгү футболка;
- Кара түстөгү спорттук шым;
- Бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийим болгон.
Ош ОИИБ маркумдун өздүгү тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номерлерине же 102 кыска номуруна кабарлоого чакырат:
- +996 222 224 222
- +996 776 612 525
- +996 779 215 653
- +996 772 214 224
- 102