www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пункту аркылуу жалпы баасы дээрлик 8 миллион сомдук уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

"Кыргызстандын 32 жаштагы жараны Казакстандан Redmi үлгүсүндөгү 800 смартфонду 40 коробкага салып, Toyota Highlander автоунаасы менен алып келе жаткан. Бирок товардын тиешелүү документтери болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, телефондордун жалпы баасы 7,9 миллион сом деп бааланууда.

Тактоо иштеринен кийин айдоочу менен жүк андан аркы териштирүүлөр үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости