www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык энергетикалык агенттиктин директору Фатих Бироль дүйнө жүзү алгачкы жолу энергетикалык каатчылыкка кабылгандыгын айтты. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Эл аралык уюмдун башчысынын айтымында, Россияга каршы кабыл алынган санкциялар жана Москванын көргөн аракеттери энергетика рыногуна оор кесепеттерди алып келет. Ал 1970-жылдагы мунай каатчылыгы дүйнөлүк инфляцияга алып келгенин эскерткен.

"Келгиле, Россия мунай, газ экспорттоо боюнча биринчи орунда турган мамлекет экенин эстейли. Ал энергетика тармагына колдонуп жаткан материалдардын базарында ири оюнчу болуп эсептелет", — деди Бироль.

Ал ошондой эле батыштын санкцияларына каршы көрүлгөн Кремлдин саясий чечимдери дүйнөлүк энергетика базарына өз таасирин тийгизе турганын да баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости