www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги Жеңиш күнүнө карата улут аралык кастыкты козутууга бөгөт коюу жана мамлекет кызыкчылыгына шек келтирүүнү алдын алуу үчүн Орусия менен Украинанын кагылышына байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды жана атрибуттарды жайылтпоого чакырат. Министрликтин басма сөз борборунун жетекчиси Тилек Оторов "Азаттыкка" чагымчылдыкка жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

“Ички иштер органдарынын өздүк курамы 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул мезгилде Коомдук тартипти, коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар иштелип чыккан. Аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”.

Бишкек мэриясы билдиргендей, 9-майда түштө майрамдык концерт, Жеңиш аянтында түрдүү иш-чаралар болот. Ушул эле күнү салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат. Коргоо министрлиги быйыл Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости