www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда, - деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, 200дөн ашуун кызматкер суу жана ылайга толгон жер төлөлөрдү, мал сарайларды тазалап, турак үйлөрдүн алдын баткактан арылтууда.

Жергиликтүү тургундар милиция жана аскер кызматкерлеринин жасаган иштерине ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Белгилей кетсек 4-майдан 5-майга караган түнү нөшөрлөп катуу жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарындагы бир нече турак жайды жана социалдык объекттерди сел каптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости