www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Флоридада Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушту. Бул жолугушуунун алдында Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Натыйжада эки тарап менен тең сүйлөшүү тынчтыкка карай олуттуу жылыш бар экенин билдиргенин айтты. Анын айтымында, жөнгө салуу маселелеринин 95 пайызы макулдашылып, негизги талаш аймактар боюнча гана акыркы чечим калган.

Бирок Вашингтондун оптимизми Киев үчүн оор шарттар менен коштолууда. Трамп Украинаны убакыт уттурбоого чакырып, болбосо дагы аймактарынан ажырашы мүмкүн экенин ачык айтты. 
Зеленский болсо коопсуздук кепилдиктери маселеси АКШ менен толук чечилгенин белгилеп, айрым пункттар боюнча референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. 

Маалым болгондой, Вашингтондун 27 пункттан турган планы Москвага да сунушталган. Бирок Кремль аны бөлүктөргө бөлүп кароону талап кылган. Батыштын коопсуздук кепилдигинин ордуна Киевден аймактык чегинүү талап кылынганы бул сүйлөшүүлөрдүн канчалык татаал экенин көрсөтөт.

Арийне, Флоридадагы жолугушуу тынчтыкка жакындагандай таасир калтырганы менен, бул тынчтык Украина үчүн олуттуу саясий жана аймактык бааны талап кылышы мүмкүн. Андыктан, согушту токтотуу үчүн кандай мунаса кабыл алынат жана аны украин коому канчалык колдойт деген суроо күн тартибинде турат?

Последние новости