www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы кызматтар башкармалыгына (GSA) бийликти биринчи протоколдо жазылгандай Джо Байденге өткөрүп берүү тапшырмасын бергенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин CNN телеканалы GSA кызматы жана анын башчысы Эмили Мерфи Демократиялык партиянын талапкерин шайлоонун жеңүүчүсү деп тааныганын кабарлаган. Ошондой эле аталган кызмат бийликти өткөрүп берүү даярдыгы тууралуу маалымдаганы кошумчаланган.

"Биздин иш алдыга жылып баратат, кармашты улантабыз, жеңебиз деп ишенем. Бирок өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мен Эмили Мерфи жана анын командасына биринчи протоколдо жазылган нерселерди аткарышы керектигин сунуштайм. Өзүмдүн командама да ушуну айттым", — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Бул билдирүүсү менен АКШ лидери жеңилгенин мойнуна алуудан баш тарткан. Бирок бийликти өткөрүп берүү процедураларын баштоого уруксат берген.

Бул арада Байдендин штабы дагы бул маселе аягына чейин чечилгенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Байдендин штабынын аткаруучу директору Йоханнес Абрахам "АКШда бийликти Жо Байденге өткөрүп берүү пандемия жана улуттук коопсуздук темаларын талкуулоодон башталат" деген пикирин калтырган.

Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Жо Байден жеңишке жеткени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости