www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда айтылуу саясий ишмерлер дөөрүй баштаптыр. Муну алар өздөрү моюндарына алып жатышат. Албетте, жеке өздөрүн дөөрүткүлөрү жок. Бирок, бул сөз биринин көчүгүн бири чукуганда жардамы тийип жатат.
Мына жакында эле Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун башына келген Эмилбек Каптагаев, Фейсбукта Масалиевдин көчүгүн ачкан комментарий калтырыптыр.
“Масалиевдин өзү дөөрүп жатат. Кандайдыр бир себептер менен Атамбаев аны калкалап соттон сууруп кеткенине, анан алып барып Салыктын башчысы кылып коюп "тазалап" койгонуна эми дердеңдегени туура эмес. Контр-төңкөрүш жасайбыз деп колдорунан келбей камалып көздөрүн жылтыратып жансоога сурап турган учуру унутулуп калды да...”, - дейт Каптагаев.
Муну туура түшүнсөк, ЖК депутаты Исхак Масалиев убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеваны дөөрүп жатканы тууралуу, кайсы бир маалымат булагына айтып берген. Мындан улам, айтылуу Роза апчесине Каптагаев боор толгогондур. Бирок анын айткандарында олуттуу маселе жатат.
Булак: NazarNews.kg