www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четиндеги “Дордой” базарындагы өрттөн эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир аял жана ӨКМ кызматкери жабыркаган, экөө тең көмүр кычкыл газына ууланган.

Такталган маалымат боюнча, “Дордой” базарындагы 2 кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32 чектөөгө алынды. Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт.

Аталган контейнерлерде тез тамак жасалуучу жана кийим сатуучу жайлар жайгашкан.

Жеринде ӨКМдин 60 куткаруучудан турган жалпы 7 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости