www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 2 кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча Tazabek басылмасы Доскул Бекмурзаевден комментарий алуу үчүн министрге байланышкан.

Бирок министр Бекмурзаев "капельницадамын" деген жоопту айтып, телефонду өчүрүп койгон.

Эске салсак, энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматынан пайдаланып тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга кызматтык иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген.

Мындан тышкары, министр "Теплые ключи" ден-соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо "Б." аттуу ЖЧКны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости