www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң бай адамдар

Бүгүн, 2-апрелде «Bloomberg» агенттиги дүйнөдөгү 500 миллиардердин рейтингин жарыялады. Алардын ичинен 10 миллиардер менен тааныштырабыз.

Рейтингдин сап башына «Amazon» интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси Жеф Безос жазылды. Анын бир жылдык кирешеси 150 миллиард долларды түзөт. Ал эми жыл башынан бери кирешеси 22 миллиард долларга көбөйгөн.

Тизменин экинчи катарынан орун алган «Microsoft» компаниясынын башчысы Билл Гейтстин кирешеси 100 миллиард долларга жетет. Рейтингдин лидерлеринин үчүнчү катарына 89 миллиард доллар киреше тапкан Бернар Арно ( «Louis Vuitton Moet Hennessy» компаниясынын президенти) жазылды.

Америкалык ишкер — дүйнөгө белгилүү инвестор Уоррен Баффет ( 84,4 млрд доллар) рейтингдин 4-катарынан орун алды. Андан кийинки орунга «Facebook» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Марк Цукерберг (66,4 млрд доллар) илинип, анын артынан ишкер — «Inditex» компаниясынын негиздөөчүсү жана экс-президенти Амансио Ортега жазылды.

Ошондой эле рейтингдин тизмесине америкалык ишкер — «Oracle» компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Ларри Эллисон (58,4 млрд доллар), Google системасын иштеп чыккандардын бири Ларри Пейдж ( 58,2 млрд доллар), мексикалык ишкер Карлос Слим (56,7 млрд доллар) Google системасын иштеп чыккандардын бири Сергей Брин (56,6 млрд доллар) жазылды.

«Bloomberg» агенттиги түзгөн рейтингге жалпы 500 миллиардер киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости