www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливерпуль университетинин окумуштуулары курмандыктардын биринин кан болгон жоолугунан алынган ДНКны анализден еткөрүп, «Джек-потрошитель» 23 жаштагы чачтарач Аарон Косминский экен» деген тыянакка келишти. Бул изилдөө «Jornal oe Forensic Sciences» журналына жарыяланды.
«Джек-потрошитель» деп 1888-жылы Лондондун полициясы шаардын эң криминалдашкан Уайтчепел районунда сойкуларды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, курсагsy жарып, ички органдарын кесип алган сериялык киши өлтүргүчтү аташкан. 1888-жылы 30-сентябарда «Джек-потрошитель» түнкү саат бирлерде Элизабет Страйт аттуу сойкуну өлтүрүп, кулагын кесип алат. Арадан дагы бир саат өткөн соң Кэтрин Эддоуска кол салып, анын бөйрөгүн кесип алган. Арадан эки жума өткөндөн кийин белгисиз киши өлтүргүч полицияга кат жазып, өлтүрүлгөн аялдын бөйрөгүнүн бирин жегенин, экинчисин болсо кат менен кошо «тиркеп» жиберип жатканын билдирген. Эддоустун жансыз денесинин жанында анын кан болгон, эркектин эрендириги тамчылаган жибек жоолугу жатыптыр.
2007-жылы бул жоолукту 48 жаштагы Эдварс аукциондон сатып алып, бир топ жыл өткөн соң анализ жасашсын үчүн окумуштууларга берет. «Бул кан Косминскиге таандык» деген алгачкы тыянакты 2014-жылы биохимик Яри Лохелайнен чыгарган. Косминский шектүү кишилердин бири болчу. Ал Улуу Британияга Полыпадан 1882-жылы акча тапканы келип, Уайтчепелеги салондордун биринде чач-тарач болуп иштечү. Ал кылмыш болгон жерден кармалып, бирок, күбө аны тааный албай койгон. Полиция Косминскийди башка жагдай боюнча, «өз карындашын мууздамакчы болгон» деген шек менен кармайт. Бирок, врачтар аны «акыл-эси жайында эмес» деп таап, Брайтон клиникасына зордоп дарылоого жиберет. Ал ошол ооруканада 1919-жылы көз жумат.
Жаңы изилдөөдө окумуштуу Лохелайнен жана анын кесиптеши Дэвид Миллер аябай дыкат иштешип, Косминскийдин ДНКсын анын азыр тирүү туугандарынын ДНКсы менен салыштырышкан. Анализ жибек жоолуктагы кан тиги экөөнүкүнө окшош экенин көрсөттү. Изилдөө ошондой эле «киши өлтүргүч кой көздү, күрөң чачтуу киши болгон» деген тыянакты берди. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө да киши өлтүргүчтүн чачы күрөң экени айтылган болчу. Авторлордун пикири боюнча, бул ишти бүгүнкү күндөгү «Джек-потрошителге» байланыштуу эң алдыңкы генетикалык анализ ка-тары бааласа болот.
Бирок, кээ бир кишилер бул иликтөөнү толук ынынымдуу далил деп эсептешпейт. Алардын ою боюнча, Эддоус менен Косминскийдин ДНКсы жибек жоолукка башкача жагдайда жутуп калышы да мүмкүн болчу.
Баардыгы болуп «Джек-потрошитель» беш аялды өлтүргөн. Косминскийден тышкары бул кылмышка орус хирургу Александр Федерченко шектелген. Мунун себеби, Федерченко профессионал медик катары анатомияны жакшы билген, анын 21-март / 2019-жыл / №11 (298) 24 медициналык аспаптары да бар эле. Ал Уайтчепелде жашачу, сойкулар врач катары ага ишенип, эч коркпой үйлөрүнө киргизиши мүмкүн болчу. Анан калса, сурак бергенден кийин эле ал өлкөдөн чыгып кеткен.
«Киши өлтүргүч аял болушу (же аялча кийинип жүрүшү) мүмкүн» деген да божомолдор айтылган. Себеби, курмандыктардын биринин бөлмөсүнөн тергөөчүлөр аялдын өрттөлгөн кийимин табышкан. Айрым кишилер «королдун врачы Джон Уильямстын аялы, акушерка Лиззи Уильямс» дешип, атүгүл шектүү аялдын атын да айтышкан. Ал балалуу болгон эмес, ошондуктан, ичи тарып, сойкулардан өч алган имиш...
XX кылымдын экинчи жарымында «Джек-потрошитель» борделден башы чыкпаган принц Альберт болушу мүмкүн» деген теория пайда болду. Бирок, анын жактоочулары кылмыш жасалган учурда принц Лондондо болбогонун далилдеп беришти.
(Интернет булактардан)
Булак: АЗИЯnews