www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Беларус өкмөтүн эл аралык стандартка ылайык президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.
Аталган уюм 9-августта Александр Лукашенко жеңип чыккан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылды.
ЕККУнун баяндамачылары шайлоо жараянынын дээрлик бардык баскычында мыйзам бузуу болгонун жана адам укуктары тебеленгенин баса белгилешти.
Ошондой эле уюмдун баяндамасы АКШ, Франция жана Улуу Британияга таандык 17 талап менен даярдалып, 700 далилге негизделген.
Белгилей кетсек, расмий Минск буга чейин баяндаманы даярдаган эксперттер менен кызматташуудан баш тарткан.
Эске салсак, 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Лукашенко жеңгени жарыялангандан бери Минск баштаган бир катар шаарларда нааразылык акциялары токтобой келүүдө. Демонстранттар Лукашенконун отставкасын жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.
Белгилей кетчү жагдай, Батыш мамлекеттери Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес.
Булак: NazarNews.kg