www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика өлдү...

Бийликтин кадыры кетти. Экономика катып калды. Инвестиция нөл. Саясий кризис курчуп турат. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканы туюкка кептеди. Ичке кирген каржы булактары кескин кыскарды. Мигранттар которчу акчанын көлөмүн Россия чектеп койду. Тышка аккан капитал көбөйдү. Мамлекеттик кызматкерлер өз убагында эмгек өргүүсүнүн акчасын ала албай жатышат.

Салыктан 3 жарым миллиардга жакын, бажыдан 5 миллиардга жакын акча түшпөй калды. Бюджетте аңырайган тешик. Бул темп улана берсе, жыл жаңыргандан тарта айлык, пенсия өз убагында берилбей калганы турат. Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркы төмөндөдү. Мына Түркия Өзбекстан менен сооданын көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүүнү макулдашты. Биздин бийлик казынаны толтуруш үчүн айып пулдун баасын көтөрүп, өз элинин терисин тескери сыйрууда, - деп "Фабула" гезити оз пикирин коомчулука жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости