www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Солтон-Сарыда алтын казган кытайлык компаниялардын экологияны талкалап жаткандарынын кесепетинен мал-жандыктар кырылып жатат. Бул боюнча Өкмөт чара көрүүгө ашыга элек.
Себеби экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышыптыр. Жергиликтүү эл болсо экспертиза кытайлардын пайдасына, жасалма болуп чыгат деген шектенүүдө. Ошондон улам кенди иштетпей эле жабуу талабын коюшууда. Ал эми Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов элдин таламын талашкандын ордуна карапайым калкка ороңдоп, ачык эле корсулдап кытайларды колдоп жүрөт. Өз элине катаал болуп, экологияны талкалаган кытайларга кол куушурган Кайыповго окшогондордон качан кутулабыз?
Деги элди ойлогон, жерди-сууну сактаган адам өлкө башына келчү учурду дагы канчага күтөт болду экен шордуу кыргыз, - дейт "Фабула".
Булак: NazarNews.kg