www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстанга иш сапары менен барат. Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды  делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат. Алар алгач кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкесиндеги аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында өтүп,  Чолпон-Ата шаарында улантылып, жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.

Эскерте кетсек, 22-июлда кечке маал Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында жаңжал чыгып, ок атышуу болгон. Кагылышууда Кыргызстан тараптан 14 киши жаракат алган. Чыр-чатак байрак илүүдөн келип чыккан, тагырагы, Ак-Сайдын тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине желек илүүсүнө каршы чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости