www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-спикер Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу мандатынан баш тартууга даяр. “Kaktus.mediaнын” маалыматы боюнча, ал Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү арыз жазууну пландап жатат.

Эгер Нурланбек мырза мандатын тапшырса, анын ордуна 15-аймактык шайлоо округунан талапкер Тургунбек Нариманов келет. Ага чейинки талапкер Алишер Эрбаев 10-февралда УКМКнын жетекчисинин орун басары - Антитеррор борборунун жетекчиси болуп дайындалган болчу.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке 15-аймактык шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкерлердин сап башында Нурланбек Тургунбек уулу болгон. Андан кийинки орундарды Азизбек Турсунбаев менен Айсаракан Абдибаева ээлеген.

Последние новости