www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып, акыркы саясий окуялар, декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард 637 миллион сомдук мүлк тууралуу суроолорго жооп берди.
“Мен жолуктум (ред: Камчыбек Ташиев менен). Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган. Дарыланып келгенден кийин ден соолугу бир аз жакшы. Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек. Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок”, - деген "Азаттыкка".
Буга чейин Шаирбек Ташиевдин 2024-жылдагы киреше-чыгашалары тууралуу декларациясында 12 миллиард 637 миллион сомдук жаңы кыймылдуу мүлкүн каттаган. Депутат иш жүзүндө анын мынча суммадагы байлыгы жок экенин, бул актив катары гана көрсөтүлүп калганын айтты.
Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды.
Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.