www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы өтүп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Кытай бийлигинде дагы ТВЕА боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп баштаган. Маалыматтарга караганда Сапар Исаковдун өтүнүчү боюнча ТВЕА боюнча кат жазган. Жыйынтыгында Кытайдын экономикалык суроолор боюнча элчилигинин мурдагы кеңешчиси камакка алынган. Тилекке каршы Кытай бийлиги, кыргыздын аткаминерлерине окшоп, маңдайына коюп тергеп олтурбайт, алар жөн гана камашат же акырын чыкыйга атып салышат.

Белгилей кетсек, 3-күндөн бери Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.

Бүгүн, ошол кездеги КР Тышкы иштер министрлигинин орун басары Аскар Бешимов модернизация боюнча түзүлгөн келишим тууралуу оюн ортого салып, бир дагы эл аралык келишимде концелярия деген түшүнүк жазылбагандыгын, дипломатиялык мамилени эки мамлекет элчиликтери, консулдуктары аркылуу жүргүзүлөөрүн жар салды. Мындай пикирге кошулбаган КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев концелярия элчиликтин түздөн-түз түзүмдүк бөлүмү экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости