www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыры ачуу чындык айтылды. 17-майда парламентте Бишкек ТЭЦине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо маалында депутат Осмонбек Артыкбаев агынан жарылды.
«ТЭЦти модернизациялоону ким чечкени чоң суроону жаратып турат. Аны ким аткаргандар эмес, кимдин чечкенге укугу бар болгондор. Тилекке каршы, болгону аткаруучуларды гана айыптап жатышат, тапшырма бергендерди эмес», - деди анда О. Артыкбаев.
Анын айтымына караганда, С. Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезде көрсөтмө берген. «Ошонун негизинде министрлик өз ишин жасаган. Алтургай менин туугандарым мени чындап эле ууру болуп калдыңбы деп сурап атат. Мен бул ишке катыштыгым жоктугун далилдейм», - деди ал.
Демек, энергетика министрлиги Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо Сапар Исаковдун тапшырмасын аткарганы билинди. Ал эми С. Исаковдун артында албетте А. Атамбаев турганы эч кимге деле жашыруун эмес.
Булак: NazarNews.kg