www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл кызматында болгон эчендеген эр азаматтарыбыз арабызда көп. Мына ошондой жүрөгү эл деп согуп, кызматын аябаган, кандай учур, кандай мезгил болбосун тынымсыз адамдардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, жашоонун жакшырышына көмөктөш болуп келген азаматтардын бири — Жалилов Тажибай агайыбыз.
Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы, Эл агартуунун отличниги, Лениндин 100 жылдыгы медалынын ээси, Эл сыймыгы медалынын ээси — Тажибай агай өмүрүн агартуу тармагына арнап, балдарга татыктуу тарбия, т билим берип гана чектелбестен, өзүнүн мүмкүнчүлүгү, күчү, акылы жеткен иштерди кесиптик ишине эриш-аркак кылып келди.
Агай жашап, эмгектенген Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу Бай-Мундуз айылы 1935-жылы түзүлгөндөн бери ФАП, бала бакча, мончо болгон эмес. Мына ушул эң керектүү жана зарыл болгон обьектилердин бул айылга салынышына түздөн-түз жетекчилик кылып, керектүү жерлерге, документтерди чогултуу менен чуркап жүрүп бүтүрүп берди.
Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, иш бүткөндөн кийин баары өзүнөн-өзү бүткөн сыяктуу болуп калат эмеспи? А ошол жогоруда саналган обьектилердин бүтүшү эмне деген нервди, баш ооруларды, канчалаган тынымсыз аракетти талап кылаарын баарыбыз эле аңдай бербейбиз. Аны ошол иштин үстүндө жүргөн адам гана жон териси менен сезет. Түндөп-күндөп чуркап, долбоорлорду жазып, жазганда өтө турган, карай турган кылып маселени ийинине жеткире чечмелеп, түшүндүрүп жеткирүү да чоң талантты, билимди, чеберчилик, иш билгини жана өжөрлүктү талап кылат. Тажибай агайыбызда мына ушундай сапаттардын баары камтылган. Эл иши десе ичкен ашын жерге коё жүгүрүп, баштаган ишин аягына чыкмайынча жаны тынбаган жакшы касиети өзүнө эле эмес, элдин керегине жарап отурат.
НПОлорго долбоор жазып, аны эле карап отурбай элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жаткандан кийин аларды да тартып, ашар жолун айкалыштырып, мектепке кошумча беш класстык бөлмө салынды. 2001-жылы АБР мамлекеттик эмес уюмдар менен долбоор жазып, 3 млн сом утуп алып, мектепти ремонт кылдырды. 1993–2003- он жыл ичинде 10,5 млн сомдон ашык курулуш иштери жасалып, анын ичинде мектептин меши электрлештирилип жылуулук менен камсыздалды.
2006-жылы он орундуу мончо, 2007-жылы ФАП жана бала бакча салынды. Көп түкүрсө көл болот дегендей элге кызмат кыла турган мына ушундай жайларды бир эле долбоордун чегинде алардын жардамын карап отуруп калбастан ар тараптуу кол- кабыштын жана элдик салымдын эсебинен кошумчаланып бүткөрүүгө жетишти. АРИСтин жардамы менен айылга трансформатор, мамычалар орнотулду. Сырттан келген жардамдарга айыл өкмөтү жана райадминистрация гарант болуп берип, башталган иштер убагында бүткөрүлдү. Элди таза суу менен камсыз кылуу да бир топ жакшы жолго коюлду, 1966-жылы курулган суу түтүкчөлөрү жаңыланды. Мына ушундай жакшы иштердин баары Тажибай агайдын эмгек жолунда талыкпай иштеп, тынымсыз изденүүнүн жыйынтыгы болду. Ал өзүнүн кесиби математик мугалими болуп, ардактуу эс алууга чыкканга чейин балдарды тарбиялап, билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай иштеп келди. Учурда эс алат элем деп жатып албай, кечки жана сырткы жаштардын мектебинде завучтук милдетти аткарып жаткан чагы. Жогоруда көрсөтүлгөн эмгектин баары коомдук иштер, 20 жыл мектеп директору, 5 жыл айылдык кеңештин төрагасы, 30 жыл үзгүлтүксүз айылдык кеңештин, үч жолу райондук кеңештин депутаты болду. Аталган иштердин баары депутаттык наказ жана атуулдук милдет.
Эмгеги менен элге жаккан агайыбыздын жеке адамдык сапаты кылган ишине, аркалаган кесибине айкалышып шайкеш келип турат. Өтө маданияттуу, сыпаа, адамдын көңүлүн оорутпаган жумшак, так жана жоопкерчиликтүү. Китепти, гезит-журналдарды көп окуп, дайыма изденүүнүн, өзүн өстүрүүнүн үстүндө жүрөт. Коллективдин, досторунун арасында тамашакөй, жөнөкөй адам, иш үстүндө сүрдүү жетекчи, үй-бүлөдө камкор сүйүктүү ата. Элге кызмат кылуу менен бирге өзүнүн үй-бүлөсүнө да камкор, жакшы ата катары төрт кыз, эки уулду өстүрүп, татыктуу тарбия берип, баарын өз туурларына кондурду. Бүгүнкү күндө алты баланын экөөсү илимдин доктору, бири мектеп директору, калгандары өздөрү сүйгөн кесиптин ээси болуп эмгектенип жатышат.
Эмгегинин үзүрү жана жеке адамдык касиети менен чоң кадыр-баркы бар. Сый-урмат жана төрдүн көркү, айыл аксакалдардын башын бириктирип көптөгөн иш- чараларды аткарып келет. Дайыма элдин кем-карчысын, балдардын келечегин ойлогон адам, учурда айыл жаштарына спорттук комплекс салууну, айыл чоңоюп жатат, жаш үй-бүлөлөргө жардам болот эле деп бир бала-бакчаны курууга жакшы тилеги бар.
"Кара жанын баккан миң эркектен, эл үчүн иштеген бир эркек артык", — деген агайыбыздын башы гезит-журнал, китеп окубай калса ооруйт Окугандарынан өзүнө жаккан макалдарды, ырларды, афоризмдерди көчүрүп жазып коймой адаты бар.
Жакшы иштеп, жакшы жашап, эмгегинин үзүрүн көрүп, сый-урматка ээ болгон агайыбызга мындан аркы да алдыдагы көп пландарын жүзөгө ашыра беришине ден соолугу чың болсун деп тилек кылып, жасаган иштериңиз үчүн рахмат, дагы көп иштерди аткарууга наказ беребиз демекчибиз.
Булак: "Ачык сөз"